Өкмөт "Жеткиликтүү турак-жай" программасы менен 12 пайыздык насыя бере баштайт

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүАкча саноочу аппарат. Архив
Акча саноочу аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программанын алкагында мамлекеттик ипотекалык компания түзүү менен бюджеттик кызматкерлерди жана калктын аялуу катмарларын үй-жай менен камсыздоо каралган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасынын алкагында улуттук валюта менен жылына 12 пайыздуу үстөк эсептелген насыя бере турганы жумушчу жыйында белгилүү болду.

Сариев: жеткиликтүү турак-жай программасында инвестиция үй курууга тартылат
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, бүгүн, 21-сентябрда премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында аталган программаны аткаруу боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйын жүрүшүндө экономика министри Олег Панкратов "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасын аткаруу максаты жана приоритеттери тууралуу маалымат берди.

"Аталган программанын алкагында мамлекеттик ипотекалык компания түзүү менен бюджеттик кызматкерлерди жана калктын аялуу катмарларын үй-жай менен камсыздоо каралган. Мамлекеттик ипотекалык компания коммерциялык банктар аркылуу үстөк пайызы төмөн насыяларды берүү менен эконом класстагы турак-жайды курууну ишке ашырмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.

Насыялар улуттук валюта менен берилип, жылына 12 пайыздык үстөк каралууда. Ал эми ипотеканын мөөнөтү 15 жылга чейин деп эсептелип жатат. Турак-жайдын баасы чарчы метрине 600 доллардан жогору кылбоо болжолдонууда.

Премьер-министр бул программа абдан маанилүү экенин белгилеп, тиешелүү органдарга аны ишке ашыруунун мөөнөтүн тездетүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0