Өкмөт гемодиализге муктаж адамдар үчүн кошумча 2 млн. сом бөлөт

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүОорукана кызматкери. Архив
Оорукана кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылы гемодиализ үчүн бюджеттен бөлүнө турган каражат быйылкыга караганда 60 миллион сомго көбөйө турганын вице-премьер билдирди.

БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. Гемодиализге өтө муктаж он адамдын аппаратка кошулуусу үчүн өкмөт кошумча эки миллион сом бөлө турганын вице-премьер Дамира Ниязалиева билдирди. 

Маалыматка ылайык, вице-премьер гемодиализ алган оорулуулардын туугандары менен жолугушууда керектүү аппарат зарыл бейтаптарды Саламаттык сактоо минситрлигининин алдындагы жумушчу комиссия оорулуулардын катышуусу менен тандап аларын белгиледи.

"Эмки жылга гемодиализ үчүн 225 миллион сом каралган. Муну менен бюджет 60 миллион сомго көбөйтүлүп жатат", — деди чиновник.

Кыргызстандын ооруканалары Кувейттен медициналык жабдууларды алат
Өкмөттүн маалыматы боюнча учурда гемодиализге муктаж 1 миң 82 оорулуу катталган. Анын 470и бюджеттик, ал эми 70и коммерциялык негизде диализ алып келет.

Үстүбүздөгү жылдын май айында өкмөт тарабынан 27 адамдын бюджеттик негизде гемодиализ алуусу үчүн 30 миллион сом бөлүнгөн. 

Мындан тышкары, Түркия менен болгон келишимдин негизинде 30 адам бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операцияга чакыруу алган. Акыркы мааламыттарга ылайык, учурда 10 бейтапка операция жасалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0