ЕККУнун парламентарийлери Кыргызстандагы шайлоого байкоо салат

© flickr.com / OSCE Parliamentary AssemЕККУнун желеги. Архив
ЕККУнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байкоочулардын миссиясы — Кыргызстандагы шайлоо демократиялык жол менен өтүшүнө байкоо жүргүзүү.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) боюнча уюмдун байкоочулары Кыргызстанда жакында боло турган шайлоого байкоо жүргүзөт. Бул туурасында аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер: күч түзүмдөрү шайлоодо коопсуздукту камсыз кылышы керек
ЕККУнун учурдагы төрагасы Ивица Дачич Австрия парламентинин өкүлү Кристин Муттоненди 4-октябрдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзө турган кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясына жетекчиликке дайындады. 

Аны менен кошо Чехиянын парламентинин өкүлү Иван Добешов ЕККУнун парламенттик Ассамблеясынын делегациясын жетектеп келет. Анын курамында 16 мамлекеттин 31 парламентарийи бар. 

Байкоочулар Кыргызстанды аймактарындагы шайлоо участокторуна барышат. Миссия ЕККУнун 1990-жылы кабыл алган Копенгаген документинин негизинде шайлоонун демократиялуу өтүшүн баалашат деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында. 

ЕККУ Кыргызстанда 2000-, 2005-, 2007- жана 2010-жылдарда өткөн парламенттик шайлоолорго катышкан. Бул уюмдун өкүлдөрү 2005-, 2009- 2011- жылдардагы президенттик шайлоого да келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0