Ыплас суулардан тазалоочу жайлардын курулушу каралган жерлер үй курууга бөлүштүрүлүп кеткен

© Sputnik / Табылды КадырбековМыйзамсыз жер тилкесинде куруу иштери. Архив
Мыйзамсыз жер тилкесинде куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы тазалоочу курулуш үчүн белгиленген жер аянты жеке жактарга бөлүштүрүлүп берилген.

БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. Сокулук районунун жерге орноштуруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгынын жетекчилигине карата мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер тилкесин мыйзамсыз басып алгандарды мэрия аныктады
Маалыматка ылайык, аталган жарандар 2014-жылы Военно-Антоновка айылындагы тазалоочу курулушка арналган 3,4 гектар жер аянтын жеке жактарга бөлүштүрүшкөн. Мындан тышкары, 70 жер тилкесине укук берүүчү документ жасашкан.

Текшерүү учурунда аталган жерлер жайыт категориясына кирип, жеке турак-жай куруу үчүн каралбаганы аныкталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0