Мэр Кадырбаев заманбап сейил бак убада кылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПразднование дня Независимости Кыргызстана в городе Ош
Празднование дня Независимости Кыргызстана в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын азыркы башчысы буга чейин мыйзамсыз менчикке берилип кеткен жерлердин 36 миң чарчы метри соттун кийлигишүүсү менен мамлекетке кайтарылгандыгын айтты.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Айтмамат Кадырбаев "Курманжан-Датка" аймактык кеңешинин жашоочулары менен жолугуп, алардын муктаждыктарын чечип берүүнү убада кылды. 

Жолугушууда Кадырбаев алдыда аткарыла турган чоң долбоорлор жана ушул жылдын иш пландары тууралуу маалымдап, жең учунан мыйзамсыз менчикке берилип кеткен жерлер кайра кайтарылып жаткандыгын айткан. 

"2014-жылга чейинки шаар бийлигинин мыйзамсыз аракеттеринен улам, Ош шаарындагы жалпы коомчулуктун пайдалануусундагы бир канча объектилер жең учунан мыйзамсыз менчикке берилип кеткен фактылар ачыкка чыкты. Алардын ичинен, жалпысынан 36 миң 374 чарчы метр жер тилкеси сот бийлигинин кийлигишүүсү менен мамлекетке кайтарылды", — деп айтканын мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Элдин "Курманжан-Датка" аймактык кеңешине эс алуу жайын ачып берүү өтүнүчүнө, мэр аталган аймактагы "Жеңиш" сейил багы реконструкцияланып, келерки жылы пайдаланууга берилерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0