Президент ишкерлерди куттуктап, аларды активдүүлүккө чакырды

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент тышкы дүң өндүрүмүнүн 40 пайызын ишкерлер камсыз кылып жаткандыгын белгилеп, алардын мындан аркы ишине ийгилик каалады.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ишкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ишкерлер ишкердиктин жогорку беделин сактоого, дүйнөлүк үлгүдөгү жигердүүлүктү көрсөтүүгө умтулууга тийиш экендигин айтты. 

Мамлекет башчысы майрамдык куттуктоосунда ишкерлерге болжогон бизнес-долбоорлорунун аткарылышын айтып, иштерине ийгилик, ден-соолук каалады.

"Кыргызстандын ишкерлери – мамлекетти экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн кубаттуу кыймылдаткычы. Сиздердин талыкпаган эмгегиңер жана күч-аракетиңер менен өлкөдө жаңы жумуш орундары, жаңы өндүрүштөр пайда болууда. Мыкты заманбап имараттар жана үйлөр курулуп жатат, кызмат көрсөтүү чөйрөсү өркүндөп, туризм жана соода өнүгүүдө",— деп айтылат куттуктоодо. 

Президент тышкы дүң продукттун 40 пайызын чакан жана орто бизнестин ишканалары камсыз кылып жаткандыгын белгилеген.

"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу менен өндүрүштү кайра жаңылоо, бизнес үчүн жаңы мүмкүндүктөр ачылууда", — деп айтылган куттуктоодо.

Ал Кыргызстандын ишкерлери ишкердиктин жогорку беделин сактоого, дүйнөлүк үлгүдөгү жигердүүлүктү көрсөтүүгө умтулууга тийиш экендигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0