Бишкекте жакын арада жаңы таштанды челектер пайда болот

© flickr.com / PeteТаштанды челектер. Архив
Таштанды челектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы борбор калаадагы таштанды менен күрөшүү үчүн 22 миллион евро грант бөлөт.

БИШКЕК, 19-сен. – Sputnik. Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан бөлүнгөн гранттын негизинде сатып алынган жаңы таштанды челектер жакын арада "Тазалык" ишканасына бериле турганын муниципалитет билдирет.

Уюлдук телефондогу WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таштандыны WhatsApp аркылуу тазалоо алгачкы жемишин берүүдө
ЕРӨБ Бишкекте таштанды менен күрөшүү үчүн 22 миллион евро бөлүүдө. Каражат үч баскыч менен келет. Алгач челектер менен GPS-навигатор орнотулган таштанды чыгаруучу унаалар алынат. Экинчи баскычта полигон жана калдыктарды сорттоо линиясы курулат. Долбоордун ишке ашуусун көзөмөлдөөгө гранттын калган бөлүгү жумшалат.

Жума күнү мэрия Каржы министрлиги менен "Бишкек шаарындагы калдыктардык башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорунун каржыланышы боюнча келишимге кол койду.

Буга чейин мэр Кубанычбек Кулматов долбоордун алкагында 34 бирдик атайы техника жана бир нече миң таштанды челектери сатып алынарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0