Оштогу от казандар быйыл толугу менен жаңысына алмаша турган болду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүОт жагылуучу жер. Архив
От жагылуучу жер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн быйыл республикалык бюджеттен 82,9 млн. сом акча бөлүнгөн.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №1 "Туран" аймактык кеңешинин тургундары менен жолугуп, алдыда аткарыла турган иш-пландар тууралуу маалымат берди.

"Шаардын тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу максатында быйыл республикалык бюджеттен 82,9 млн. сом акча каражаты бөлүндү. Ага шаардагы көмүр менен иштеген бардык от казандарды толугу менен жаңыларына алмаштырабыз", — деди Кадырбаев.

Шаар башчысы мындан сырткары, буга чейин жылуулук албаган 137 көп кабаттуу үйлөргө 13 модулдук отказандар коюларын айтты. Ал "Туранда" жайгашкан үйлөр быйылкы кышта толугу менен жылуулук аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0