Бишкекте туугандарынын үйүндө жашаган документи жок 133 бала аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБалдар сабак окуп жатышат. Архив
Балдар сабак окуп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери 12 миң турак-жайды үймө-үй кыдырып, туугандарынын кароосуна калтырылган балдарды аныктап чыгышты.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Үймө-үй кыдыруу учурунда мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери 1 миң 283 ички мигранттын балдары аныктаганын шаардык муниципалитет билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө 11 миң 899 үй каралган.

"133 бала эч кандай документи жок туугандарынын үйүндө жашап келет", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда 80 миңден ашык бала мектепке барбай, оор жумуштарда иштешет
Алардын ичинен 28 бала туугандарынын камкордугуна жөнөтүлдү, сегиз бала убактылуу камкордукка алынган. 55 наристе Бишкектин реабилитациялык борборлоруна бөлүштүрүлөт.

Мындан тышкары, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери эмгекке тартылган 11 баланы аныктап, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 103 жана мектепке барбаган беш бала тууралуу маалымат беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0