Мектептерде жол кыймылынын эрежелери окутулууда

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүМектепте сабак учурунда. Архив
Мектепте сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутуу учурунда балдарга жол чырак менен жолдон өтүү, аялдамада туруу эрежесине байланышкан түрдүү абалдар сунушталып, анын негизинде өзүн кандай алып жүрүү керектиги тууралуу маалымат берилет.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Республиканын мектептеринде жол кыймылынын эрежелерин окутуу боюнча көчмө сабактар өткөрүлүп жатканын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Окуучулар автобуска отуруп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Мурас Ордонун" окуучулары үчүн мектеп автобусу каттай баштады
Маалыматка ылайык, аталган долбоордун алкагында 15-сентябрдан 30-сентябрга чейин 14 аймактык жана төрт шаардык мектеп окуучуларына сабак өткөрүлөт.

Долбоор балдарды жол эрежелери менен тааныштыруу, интерактивдүү окутуу аркылуу жол жүрүүнүн негизги эрежелери менен билим системасын түзүүгө багытталган. 

Окутуу учурунда балдарга жол чырак менен жолдон өтүү, аялдамада туруу эрежесине байланышкан түрдүү абалдар сунушталып, анын негизинде өзүн кандай алып жүрүү керектиги тууралуу маалымат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0