Шамшы айылынын эли өкмөткө курулуп жаткан мектепти кабыл албоону сунуштады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Кочкор, Нарын жана Ат-Башы райондорунун элине жолугуп, аймактагы бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Курулуштун сапатын жогорулатуу үчүн бардык стандарттар каралган типтүү мектептердин долбоору иштелип чыга турганын вице-премьер Дамира Ниязалиева Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер Кочкор, Нарын жана Ат-Башы райондорунун эли менен жолугуп, аймактагы бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты. 

"Курулуштун сапатын жана баасын аныктоочу заманбап критерийлер менен бирдиктүү талаптардын жоктугунан өкмөт мектептердин эрежеге ылайык курулушу үчүн сапаты жана мөөнөтү боюнча бардык стандарттар каралган долбоор иштеп чыгууда", — деди Ниязалиева Ак-Жар айылындагы мектепти текшерүү учурунда.

Шамшы айылынын эли курулуштун узакка созулганына жана начар сапатына доомат артышты. 

"Мамлекеттик архитектура курулуш мекемеси мектепти пайдаланууга берүү отчетун тапшырганы менен аягына чыга электигин өзүңүз көрүп жатасыз. Дааратканасы менен ашканасы курула элек. Курулуштун сапаты да күмөн санатпай койбойт", — дешти тургундар.

Муну менен бирге өкмөткө мектепти курулуш аягына чыкмайын кабыл албоо сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0