Кыргызстан аскер күчү боюнча дүйнөлүк рейтингде 78-орунду ээледи

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Туркменистана прибыл в Кыргызстан
Президент Туркменистана прибыл в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскер күчү боюнча рейтингге ылайык, Кыргызстан коңшу мамлекеттерден Тажикстанды гана артка калтырган.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Кыргызстан аскер күчү боюнча дүйнөлүк рейтингде 106 мамлекеттин ичинен 78-орунду ээлегенин Global Firepower Index билдирет.

Global Firepower Index — дүйнө мамлекеттеринин аскердик күчүн баалоочу жылдык рейтинг.

Селфи кылып аткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан адам капиталы боюнча дүйнөдө 44-орунда турат
2014-жылкы тизмеде Кыргызстан жок болчу (былтыркы тизмеге КМШ жана Балтия мамлекеттери кирбей калган).

Тизменин башында былтыркыдай эле башка мамлекеттерди аскердик-аба күчтөрү жана деңиз флоту боюнча артка калтырып АКШ турат. Америкалыктар бул тармакка бир жылда 600 миллиард доллар жумшайт.

Биринчи ондукта АКШ, Россия, Кытай, Индия Улуу Британия, Франция, Түндүк Корея, Германия, Япония жана Түркия турат.

Кыргызстан чектеш мамлекет болгон Өзбекстан 48-саптан 54-орунга түшкөн. Казак армиясы 80-орундан 66-сапка чыгып, секирик жасаган. Ал эми Тажикстан 81-орунду ээлеген (былтыркы тизмеге Тажикстан да кирген эмес).

Индекс 50 ар кыл факторлорду эске алуу менен түзүлөт. Мында мамлекеттин армия саны, танк, кеме, учак жана башка аскер техникасынын көлөмү каралат. Мындан тышкары, аскер тармагына жумшалуучу каражат, мамлекеттин унаа инфраструктурасы, экономикалык ресурстары, мунай затка жеткиликтүүлүгү жана башка армияга таасир берүүчү факторлор эске алынат.

Рейтингде бир гана нерсеге көңүл бурулбайт — бул өлкөнүн өзөктүк потенциалы. Аскер күчүнүн глобалдуу индекси бир жыл бою изилденген 106 мамлекеттин куралдуу күчтөрү тууралуу маалыматты камтыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0