Сарпашев: ушу кезге чейин биометриядан өтпөгөн жаран өлкө келечегине кайдыгер

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив
Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биометрикалык маалымат чогултуу жараяны 2014-жылдын август айында башталып, жеке маалымат тапшырган жарандардын саны бүгүнкү күндө 2 миллион 813 миңге жетти. Алардын 2 миллион 670 миң 480и алдыда боло турган парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Ушу кезге чейин биометрикалык маалымат тапшырбаган жарандар мамлекетке жана анын келечегине болгон кайдыгер мамилесин көрсөттү, деп билдирди биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев шайлоо участкаларын текшерүү учурунда.

Биометрикалык маалыматты кабыл алуу шайлоодон кийин улантылат
Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-сентябрда Сарпашев Бишкек шаарынын борборунда жана Калыс Ордо жаңы конушунда жайгашкан кошумча шайлоо участкаларынын жана биометрикалык маалымат кабыл алуучу пункттардын даярдыгын текшерди.

Биометрикалык маалымат тапшыруу үчүн кезекте турган шайлоочулар менен сүйлөшүп, Сарпашев бүгүн жеке маалымат чогултуунун акыркы күн экенин белгилеп өттү.

Жолугушуу учурунда шайлоочулар кезек узактыгын айтышып, биометрикалык маалымат тапшыруунун мөөнөтүн жылдырууну сунушташты. Биринчи вице-премьер жеке маалымат чогултуу бүгүн аяктарын, биометрия тапшыруу жараяны бир жыл бою жүргөнүн айтып, буга чейин жеке маалымат тапшырбаган жаран мамлекетке болгон кайдыгер мамилесин ачыктаганын белгиледи.

"Биометрикалык маалымат чогултуу бир жылдан бери тынымсыз иштеди. Акыркы эки жумадан бери операторлор күчөтүлгөн режимде иштеп жатышты. Керек болсо үймө-үй кыдырып чогултулду. Бир жыл бою биометрикалык маалымат тапшыруу боюнча смс-билдирүүлөр келип жатты. Ушунун баарынан кийин биометрикалык маалымат тапшырууга кантип беш мүнөт тапкан жоксуңар?", — деди Сарпашев.

Бометрикалык маалымат чогултуу жараяны 2014-жылдын август айында башталып бүгүнкү күнгө чейин созулду. Жеке маалымат тапшырган жарандардын саны бүгүнкү күндө 2 миллион 813 миңге жетти. Алардын 2 миллион 670 миң 480и алдыда боло турган парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоодон кийин жеке маалымат тапшыруу жараяны кайрадан уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0