Биометрикалык маалыматты кабыл алуу шайлоодон кийин улантылат

© Родионова ДиляБиометрикалык маалыматты кабыл алуу участкасы. Архив
Биометрикалык маалыматты кабыл алуу участкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биометрика шайлоо үчүн гана эмес, жеке маалымат жазылган паспортторду киргизүү үчүн да чогултулууда. Мындай паспорттор Кыргызстанда жакын арада пайда болот.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Калктын биометрикалык маалымат тапшыруу жараяны шайлоодон кийин улантылып, анын мөөнөтү чектелбей турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Биометрикалык маалымат чогултуу 19-сентябрдан шайлоо аяктаганга чейин токтотулат. Жеке маалымат тапшырбаган жарандар 4-октябрда боло турган шайлоодо добуш бере алышпайт.

"Биометрика шайлоо үчүн гана эмес, жеке маалымат жазылган паспортторду киргизүү үчүн да чогултулууда. Мындай паспорттор Кыргызстанда жакын арада пайда болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Биометрикалык маалымат чогултуу жараяны Кыргызстанда 2014-жылдын августунда башталып, жеке маалымат тапшырган жарандардын саны бүгүнкү күндө 2 миллион 813 миңге жетти. Алардын 2 миллион 670 миң 480и алдыда боло турган парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу.

"Калгандары паспорт алып, бирок курагы 18 жашка жете электер", — деп кошумчалайт мекеме.

Манжа издерин идентификациялоо процедурасынан өтүп, маалымат базасына киргизүү ар дайым жүргүзүлөт, анткени паспорт алуу үчүн бул зарыл болот.

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалымат базасы калктын бирдиктүү мамлекеттик жаңы реестр системасын түзүү үчүн зарыл экенин белгилейт. Мында ЗАГС системасы, дарек регистри жана паспортту учетко алуу каралган.

"Биометрикалык маалымат чогултуу Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөдө жашаган кыргызстандык жарандардын сандык жана сапаттык курамын аныктоо үчүн жүргүзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Шайлоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо учурунда жарандарды 10 миңден ашуун оператор тейлейт
Мындан тышкары, биометрика шайлоочулардын жаңыланган тизмесин түзүүгө, идентификациялык документтерди берүү жана жарандарды өз убагында каттоого, кылмыштуулук, мыйзамсыз миграция, терроризм, адам сатуу менен күрөшүүгө, калкка өз убагында жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жардам берет. 

Эл аралык жарандык авиация уюмунун 2003-жылдагы маалыматы боюнча, дүйнөнүн 188 мамлекети, анын ичинде Кыргызстан да бар, паспорт жана кирүү визасы үчүн биометрияны идентификациянын негизги технологиясы деп тааныган.

Жаңылыктар түрмөгү
0