Шайлоо учурунда жарандарды 10 миңден ашуун оператор тейлейт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOШайлоо учурунда. Архив
Шайлоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдыда боло турган парламенттик шайлоодо добуш берүүчү жаранды идентификациялоо процесси жети секунддан бир нече мүнөткө чейин созулушу мүмкүн.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Шайлоо күнүн республиканын жана чет өлкөлөрдөгү бардык участкаларында Мамлекеттик каттоо кызматынын 10 миң 471 оператору биометрикалык маалыматтын жардамы менен шайлоочуларды идентификациялай турганын аталган мекеме билдирди.

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт. Шайлоочулар биринчи ирет биометрикалык маалыматтын жардамы менен добуш берет. Учурда алдын ала түзүлгөн тизмеде 2 миллион 600 миң шайлоочу катталган.

Операторлордун баары тийиштүү окуудан өтүп бүттү.

"Идентификациялоо жети секунддан бир нече мүнөткө чейин созулушу мүмкүн. Айрым учурда мөөнөтү андан да узарып кетиши ыктымал", — деди МКК жетекчиси Алина Шаикова. 

Мекеме муну операторлордун тажрыйбасыздыгы менен байланыштырууда. Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоого чейин алардын көнүгүп каларын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0