Сариев контрабандалык товарларды ташууга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды

© пресс-служба правительства КРПремьер-министр Темир Сариев контрабандалык жол менен товар алып кирүү жана чыгууга каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Премьер-министр Темир Сариев контрабандалык жол менен товар алып кирүү жана чыгууга каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев Кыргызстандын ЕАЭБдин артынан кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынганына карабай, бул жаатта контрабандалык товарлардын киришине каршы күрөштү системалуу түрдө алып баруу зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев контрабандалык жол менен товар алып кирүү жана чыгууга каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Жыйынга укук коргоо жана фискалдык органдардын жетекчилери катышты.

Кишеше дикларациясын толтуруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишкерлерди текшерүүнү финпол гана жүргүзө аларын Сариев дагы бир ирет эскертти
Сариев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине толук укуктуу мүчө болуп, кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынганын, бирок ага карабай бул жаатта контрабандалык товарлардын киришине каршы күрөштү системалуу түрдө алып баруу зарылдыгын белгиледи.

Тиешелүү органдардын маалыматы угуп жана талкуулаган соң Сариев Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен товарларды алып кирүү жана чыгарууга каршы күрөштүү күчөтүү үчүн бир катар тапшырмаларды берди. 

Өкмөт алдындагы Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматынын жетекчилиги алдында КР аймагына контрабандалык жол менен товарларды алып кирүү жана чыгарууга каршы күрөштүү күчөтүү максатында беш күндүн ичинде тергөө-оперативдик топ түзүү тапшырылды. Андан сырткары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке контрабандалык иштерге тиешеси бар мамлекеттик органдардын кызматкерлерин бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүү каралды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0