Боомдогу жол октябрдын аягына чейин мезгил-мезгили менен жабылып турат

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный знак возле дороги Бишкек–Иссык-Куль. Архивное фото
Дорожный знак возле дороги Бишкек–Иссык-Куль. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек — Торугарт автожолунун Боом капчыгайында 119-чакырымынан тартып 132-чакырымына чейинки аралыгында таштарды кулатып түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Боомдогу автожолдун бир катар жерлеринде катттам 21-сентябрь — 30-октябрь аралыгында күн сайын 10-00дөн 15-00гө чейин жабылып турат. Бул турасында "Кыргыз темир жолу" улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди. 

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун сакташ үчүн Бишкек — Торугарт автожолунун Боом капчыгайында 119-чакырымынан тартып 132-чакырымына чейинки аралыгы таштарды кулатып түшүрүү иштеринен улам жабылып жатканын айтышты. 

"Таш кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматы тарабынан жол жабылып турат", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Алар келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн алдын ала кечирим сурай тургандыктарын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0