Окуучулардын мушташынан улам мектептерде тартип көзөмөлү күчөтүлдү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМектептеги окуучулар. Архив
Мектептеги окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жалпы билим берүү мекемелеринде тартип көзөмөлү күчөтүлүп, ата-энелер, социалдык педагогдор жана жашы жете электердин иши боюнча инспекторлордун катышуусу менен чогулуштар өтүп жатат.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Окуучу балдардын бычак жеп ооруканага түшүшүнө алып келген мушташ боюнча Билим берүү жана илим министрлиги бир катар иш-чараларды көрүп жатканын билдирет.

Бычак кармаган адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мектеп окуучулары бычакташа кетишти
Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан №38 мектептин окуучулары менен спорт мектебинин тарбиялануучуларынын ортосунда болгон мушташтан алты бала жабыркаган. Териштирүү маалында жарат алган 16-17 жаштагы алты баланын төртөө бычак жеп, бирөөсүнүн мээси чайкалып, дагы биринин жаагы сынганы аныкталган.

Министрликтин маалыматы боюнча, учурда жалпы билим берүү мекемелеринде тартип көзөмөлү күчөтүлүп, ата-энелер, социалдык педагогдор жана жашы жете электердин иши боюнча инспекторлордун катышуусу менен чогулуштар өтүп жатат. Мындан тышкары, кырсыктардын алдын алуу максатында окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жанданды.

"Министрлик мектептердеги зордук-зомбулукка каршы иштер Саламаттык сактоо, Социалдык өнүктүрүү жана Ички иштер имнистрликтери менен бирге жүргүзүлүшү керектигин баса белгилейт", — деп айтылат билдирүүдө.

№38 мектептин окуучулары менен спорт мектебинин тарбиялануучуларынын ортосунда болгон мушташ боюнча өкмөттө мэрия, ИИМ, Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо министрликтери, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги жана эки мектептин директорлорунун катышуусу менен шашылыш жыйын өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0