Тайырбек Сарпашев: мектептерде бир да партиянын штабы жок

Жазылуу
Сарпашев жакында боло турган парламенттик шайлоого саясий партиялар тарабынан мектеп мугалимдери үгүт иштерине тартылган жок деп билдирди.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөт башчы Темир Сариевдин тапшырмасы менен КСДПнын Чоң-Алайдагы мектепке штаб ачты деген маалыматты текшерди. Билим берүү мекемесине саясий партия штаб ачты деген маалыматты "Республика — Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев маалымдаган деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

"Сарпашев өкмөт башчысы Сариевге мектепте штаб ачылды деген маалымат тастыкталганбагандыгын билдирди. Мындан сырткары, биринчи вице-премьер-министр өкмөт башчыга республика боюнча бир дагы мектепте штаб ачылбагандыгын, мектеп имараттарында үгүт баннерлери илинбегендигин маалымдады", — деп билдирди маалымат кызматы.

Маалыматта бир да мугалим саясий партиянын үгүтчүсү болууга тартылбагандыгы айтылган. 

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт. Ага 14 саясий партия ат салышууда. 3-сентябрда башталган үгүт иштери 2-октябрда аяктайт. 3-октябрь — шайлоо алдындагы "Жымжырттык күнү".

Жаңылыктар түрмөгү
0