05:12 25 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7900
  • EUR100.6754
  • RUB1.1184
Коом
Кыскача шилтеме алуу
14320

"Эркечтам" чек ара тозотунун чек арачылары Кытайдан Кыргызстанга өтүп кеткен топоздорду тапкан.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Чоң-Алай аймагындагы кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде жайылып жүрүп, Кыргызстанга өтүп кеткен топоздор кайра кайтарылды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

"Ош облусунда эки өлкөнүн чек арачылары чогулуп, кытайлык кесиптештерине кыргыз чек арачылары 19 баш топозду кайтарып берди", — деп айтылат аталган ведомствонун тараткан маалыматында. 

15-сентябрда Ош чек ара отрядынын "Эркечтам" чек ара тозотунун жоокерлери Тагачар ашуусунда жайылып жүргөн топоздорду тапкан. Алар жайлоодо оттоп жүрүп, Кыргызстандын аймагына өтүп кеткендиги маалым болгон. 

Ошол күнү кечинде кыргыз чек арачылары кытайлык кесиптештерине ири мүйүздүү малды тобу менен өткөрүп берген.

Тема боюнча

Чек арачылар Өзбекстанга өтүп кеткен жылкыларды ээлерине кайтарып берди
Белгилер:
топоз, Эркечтам, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ