Сариев: жүндү кайра иштетүү жана аны сатуу ишин мамлекет колго алышы керек

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЖүндү кайра иштетүү ишканасы. Архив
Жүндү кайра иштетүү ишканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы сапаттуу өнүктүрүү программасы иштелип чыкса, каржылоо жагын чечүүгө болорун, бул максатта Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тараптан каржылоонун жеңилдетилген түрлөрү каралганын белгиледи.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Фермерлерге колдоо көрсөтүү үчүн атайы программалар кабыл алынышы керектигин премьер-министр Темир Сариев агроөнөр-жай комплексин өнүктүрүү боюнча кеңешмеде билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында уяң жүндүү койлордун санын көбөйтүү жана күнөскана комплекстерин куруу маселелери каралды.

Премьер-министр жүндү кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

"Кайрадан иштетүүсүз биз фермерлерге тийиштүү колдоо көрсөтө албайбыз. Алар малдын санын көбөйтүү менен алектенсе, мамлекет тараптан жүндү кайрадан иштетүү жана аны сатууга шарттар түзүлүүсү керек. Буга комплекстүү мамиле зарыл. Асыл тукум чарбаларын колдоого алып, жүндүн сапатын текшерүүчү лабораториялардын болушу керек", — деди өкмөт башчы.

Күнөсканаларды куруу жана өнүктүрүү маселесин талкуулоодо Сариев фермерлерди колдоого алуу үчүн программаларды түзүү зарылдыгын белгиледи. 

"Эгерде сапаттуу өнүктүрүү программасы иштелип чыкса, каржылоо жагын чечүүгө болот. Бул максатта Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тараптан каржылоонун жеңилдетилген түрлөрү каралган", — деп белгиледи премьер-министр.

Иш-чаранын жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын 15-октябрына чейин жогорудагы эки тармакты өнүктүрүү боюнча иш планды сунуштоо тапшырмасы берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0