Исфана шаарына суткасына 8 сааттан таза суу бериле баштады

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАйыл тургуну суу алып жатат. Архивй
Айыл тургуну суу алып жатат. Архивй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин шаар тургундарына ичүүчү суу эки саатка гана берилип келген.

БИШКЕК, 16-сен. – Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын тургундарынын таза суу көйгөйү чечилгенин шаардын мэри Абдымухтар Анарботоев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Исфана шаарына суткасына эки саатка гана таза суу берилип келген. Азыр суткасына сегиз сааттан берилип, элдин сууга болгон муктаждыгы толук чечилди.

Баткен облусунун жашоосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткен облусундагы 87 айылда таза суу жок
"Исфана шаарын таза суу менен камсыз кылуу системасын реаблитациялоо" долбоорунун алкагында шаарга сыйымдуулугу 700 кубдук эки темир суу кампасы курулган. Анын расмий ачылышына өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүүдө.

Бул суу кампалары Исфана шаарынын 17 миңден ашуун тургунун жана Бөзө-Гүл аймагын толук таза суу менен камсыздоого боло турганын шаар мэри кошумчалады.

Темир суу кампаларын курган «Инженердик коргоо» ишканасынын жетекчиси Муратбек Икрамовдун айтымында, мурда шаар тургундарына суу жердин үстүңкү катмарынан гана алынып берилсе, азыр 95 метр тереңдиктеги артезиан суулары алынат.

Аталган долбоор 2013-жылы башталып, ага 108 миллион 880 миң сом кеткен. Жалпы сумманын 80 пайызы АРИС эл аралык уюму тарабынан, 10 пайызын өкмөт жана калган 10 пайызы Исфана шаар мэриясы тарабынан каржыланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0