Озон катмарын сактоонун мааниси туурасында окуучуларга айтып беришет

Жазылуу
Иш-чаранын алкагында Бишкектеги №29 мектепте окуучулар менен мугалимдердин арасында озон катмарын сактоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча маалыматтар берилет.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн озон катмарын сактоого арналган экологиялык акция башталат. Ал озон катмарынын биргелешип "айыктыруу" боюнча иш-чаранын 30 жылдыгына арналган. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.

Кара-Кечеде көмүр казуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диль: Кара-Кече кенин казууда экологиялык коопсуздук башкы маселе болушу керек
Мындан отуз жыл мурда озон катмарын сактоо боюнча биргелешкен Вена конвенциясы кабыл алынган. Ал эми БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1994-жылы 16-сентябрь Эл аралык озон катмарды сактоо күнъ деп жарыялаган. 

Иш-чаранын алкагында Бишкектеги №29 мектепте окуучулар менен мугалимдердин арасында озон катмарын сактоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча маалыматтар берилет.

Озон катмары — тирүү организмдер үчүн космостон чыккан өлүмгө тете ультуракөгүлтүр түстөгү нурланууларды сиңирип алуучу, уюлдардагы жер үстүнөн 7–8 чакырым, экватордогу жер үстүнөн 17–18 чакырым бийиктигиндеги аба чөйрөсүнүн озон молекулаларынын жогорку жыштыгына ээ катмары.

Жаңылыктар түрмөгү
0