МАГАТЭ Кыргызстандагы уран калдыктары сакталган аймактардын абалын талкуулайт

© Фото / Рогожин МихаилАк-Түз, Кыргызстан. Архив
Ак-Түз, Кыргызстан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конференциянын алкагында кыргыз делегациясынын катышуусу менен уран калдыктарына арналган жыйын өтүп, анда Кыргызстандагы уран калдыктар сакталган аймактарды калыбына келтирүү жаатындагы иш-аракеттер тууралуу маалымат берилди.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. МАГАТЭ (Атом энергиясы боюнча эл аралык уюм) конференциясында Кыргызстандагы радиациялык коопсуздукка арналган маселе көтөрүлө турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. 

Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Вена шаарында МАГАТЭнин 59-башкы конференциясы өз ишин баштады. Маалыматка ылайык, иш-чарага 162 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. 

"Конференцияда уюмдун 2014-жыл аралыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, баа берилет. Жыйында МАГАТЭнин 2016-жылга карата программасы менен бюджети бекитилет. Негизги маселе катары өзөктүк, радиациялык жана уран калдыктарын ташуудагы коопсуздук маселелери талкууланып, МАГАТЭнин кепилдик системасын чыңдоого көңүл бурулат, — деп айтылат билдирүүдө.

Россиянын тышкы иштер министрлигинин мекемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин: Иран боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эл аралык коопсуздукка оң таасирин тийгизет
Кыргыз делегациясын Кыргызстан МАГАТЭ менен техникалык жактан кызматташуу боюнча улуттук координатору Үсөн Усупов жетектөөдө.

Кечээ конференциянын алкагында кыргыз делегациясынын катышуусу менен уран калдыктарына арналган жыйын өтүп, анда Кыргызстандагы уран калдыктар сакталган аймактарды калыбына келтирүү жаатындагы иш-аракеттер тууралуу маалымат берилди.

Жалпы кеңешмеден тышкары, кыргыз делегациясы МАГАТЭнин башкы директору Юкия Амано менен жолугушары күтүлүүдө. 

Учурда кыргызстандык өкүлдөр МАГАТЭнин эл аралык илимий форумуна катышууда.

Атом энергиясы боюнча эл аралык уюм өз ишин 18-сентябрь күнү аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0