Новопавловка айылында төрт күнгө газ өчүрүлөт

© Фото / Alexander ChechetkinГаз плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газ түтүктөрүн оңдоп калыбына келтирүү үчүн Сокулук районунун айрым аймактары төрт күнгө газсыз калат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Сокулук районунун Новопавловка айылында жана "Ала-Тоо" жаңы конушунда төрт күнгө жаратылыш газы өчүрүлө турганын "Газпром — Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, газ берүү үстүбүздөгү жылдын 15-19-сентябрь күндөрү жер алдындагы газ түтүктөрүн оңдоо үчүн токтотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0