18 жашар кызды сексуалдык кулчулукка сатууну көздөгөн аялдар кармалды

© AFP / Marcin WicharyНаручники. Архивное фото
Наручники. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноокат районунун эки тургуну Кара-Суу районунун 18 жаштагы тургунун алдоо жолу менен Түркияга сексуалдык кулчулукка сатууну көздөшкөн.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө жана 5-бөлүмүнүн кызматкерлери 18 жаштагы кызды алдап Түркияга сексуалдык кулчулукка сатууну көздөгөн эки аялды кармады. Бул тууралуу Ош шаардык ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Кулпу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети жыл Казакстанда кулчулукта жүргөн кыргыз аял Алматыдагы консулдукка жеткирилди
Ноокат районунун 19 жаштагы В.А. аттуу тургуну өзүнүн 26 жаштагы Д.Ж. аттуу таанышы менен 1997-жылы туулган Кара-Суу районунун жашоочусун "Түркияда тааныштарым көп, мен иштеп келдим, сага дагы жакшы иш таап берем" деп алдап, сексуалдык кулчулукка сатуу үчүн бара жаткан жеринен 12-сентябрда кармалган. Шектүү жарандар 18 жаштагы кызды "Лексус" үлгүсүндөгү унаа менен Ош аэропортуна алып бара жаткан.

Учурда 19 жаштагы кызга Кылмыш жаза кодексинин 124-беренеси (Адам сатуу) менен кылмыш иши козголуп, ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, 2015-жылдын апрель айында учурда адам сатууга шектелип кармалган 19 жаштагы кызды өзүнүн жердеши, 1985-жылы туулган Н.К. аттуу аял Түркиянын Анталия шаарында Айнура аттуу келинге 2000 долларга сатып жиберген. 

Бул кошумча маалыматтар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш каттоо китебине катталып, Н.К. аттуу аялдын үстүнөн дагы адам сатуу беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул аял да кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. 

Учурда тергөө жүрүүдө. Бул кылмыштуу топтун дагы башка мүчөлөрү жана Анталиядагы Айнура тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0