03:01 15 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.4802
  • RUB1.1205
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши (19)
01

БШК мүчөлөрүнүн айтымында, Башкы прокуратура бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке кайрылса болот. Шайлоо учуруна карата БШК кылмыш ишин козгоого макулдук бере албайт.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Башкы прокуратуранын "Кыргызстан элдеринин конгресси" партиясынан талапкер Карганбек Самаковду, "Бир Бол" партиясынан Игорь Чудиновду жана "Замандаш" партиясынан талапкер Искендербек Айдаралиевди кылмыш жообуна тартуу боюнча өтүнүчүн четке какты.

Буга чейин Башкы прокуратура жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча шектелгенине байланыштуу аларды кылмыш жообуна тартуу өтүнүчү менен БШКга кайрылган. 

БШК мүчөлөрүнүн айтымында, Башкы прокуратура бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке кайрылса болот. Шайлоо учуруна карата БШК кылмыш ишин козгоого макулдук бере албайт.

Самаков май айында коррупция жана жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталып кармалган. Соттун чечими менен ал үй камагына чыккан.

Чудинов 2007-2009-жылдары кыргыз өкмөтүн жетектесе, Айдаралиев ошол мезгилде биринчи-вице-премьер-министр болуп турган.

Тема:
Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши (19)

Тема боюнча

Депутаттар Карганбек Самаковдун ишинде мыйзам бузуу жок дешти
Белгилер:
жер, тизме, саясый партия, кылмыш иши, шайлоо, БШК

ЭҢ МААНИЛҮҮ