Жер ортолук деңиздин диетасы жана зайтун эмчек безинин рагына кабылуу коркунучун азайтат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЗайтун майы. Архив
Зайтун майы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Испаниялык улгайган аялдардын жашоосуна жүргүзүлгөн байкоолор Жер ортолук деңиздин аймагындагы азык жана зайтундун майы аял кишинин жашы өйдөлөгөн сайын эмчек безинин шишик оорусуна кабылуу коркунучун бир топ төмөндөтө турганын аныктаган.

БИШКЕК, 15-сен. – Sputnik. Зайтун майын көп колдонуу жана жер ортолук деңиздин диетасына өткөн аялдар улгайган кезде эмчектин шишик оорусуна чалдыгуу коркунучунан бир топ арыла турганын дарыгерлер аныкташкан. Бул жөнүндө JAMA Internal Medicine журналында жарык көргөн макалада баяндалат.

"Бул изилдөөдө кемчиликтер көп экенине жана иликтөөгө катышкандардын аз санда болушуна карабай, Жер ортолук деңиздин аймагына мүнөздүү тамак-ашты колдонуу эмчек безинин рак оорусун өрчүтпөйт жана жүрөк менен тамырлардын абалына да жакшы таасир этери анык. Бул ачылыш эмчек безинин шишик оорусу менен жабыркаган аялдардын санын кыскартып, алардын жалпы эле ден соолугун чыңдоого жардам берет деген үмүттөбүз", — дейт журналдын башкы редакторунун орун басары Майкл Катц (Michael Katz).

ЖМК: АКШнын окумуштуулары эрте өлүмдүн себебин аныкташты
Наварра университетинен (Испания) Мигель Мартинес-Гонсалес (Miguel Martinez-Gonzalez) жана анын кесиптештери зайтун майы жана Жер ортолук деңиздин аймагындагы азыктар аялдардын саламаттыгына жакшы таасир бере турганын Испаниянын төрт миңден ашуун улгайган аял жашоочуларына байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында аныкташкан. Аялдар диеталык экспериментке катышууга өз ыктыярлары менен макул болушкан.

Бул изилдөөнүн алкагында окумуштуулар аялдарга зайтун майы, токой жаңгактары жана майы аз европалык жөнөкөй тамактарды сунушташкан. 2003-жылдан 2009-жылга чейин алты жыл бою Мартинес-Гонсалес өз кесиптештери менен тажрыйбага катышып жаткандардын саламаттыгына үзбөй байкоо жүргүзүп, эмчек безинин шишик оорусуна кабылган бардык учурларды каттап келишкен. 

Мээнин рентген сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар Альцгеймер оорусу жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтышты
Байкоолор көрсөткөндөй, зайтун майы кошулган тамак менен азыктангандардын арасында ракка кабылгандар бир топ аз болуп, эксперименттин салыштыруучу тобундагы аялдарга караганда ал оорудан орто эсеп менен 68%га сейрек жабыркашкан. Кызыктуусу тамакка жаңгакты кошуу оң да, терс да натыйжа берген эмес. 

Макаланын авторлору экспериментке катышкандардын ичинде рак оорусуна чалдыккандардын салыштырмалуу аз болушу Жер ортолук деңиз аймагындагы тамак-аштан эмес, зайтун майын кошкондон гана болду деп толук ырастоого болбой турганын өзүлөрү моюнга алат. Ошентсе да, алардын аралашмасы аялдын ден соолугуна сөзсүз пайдалуу деп ырасташат окумуштуулар.

Жаңылыктар түрмөгү
0