Быйылкы жайлоо бала бакчалары 2000ден ашуун бөбөктү окутту

© Наргис ДжаманкуловаСадики на джайлоо будут ждать детей и в следующем году
Садики на джайлоо будут ждать детей и в следующем году - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөбөктөргө кинотасмалар жана мультфильмдер көрсөтүлүп, сөз өстүрүү сабагы өтүлүп, алар окуганды, пластилинден ар кыл буюмдарды, кагаздан оюнчуктарды жасаганды үйрөнүштү.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Быйыл Кыргызстан боюнча 87 жайлоо бала бакчалары ачылып, 2200гө жакын бала мектепке чейинки билим алды. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондунан билдиришти.

Экс-президент Роза Отунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Отунбаева Баткенде балдар жана чек арачылар менен биргеликте Океевдин тасмаларын көрөт
Балдарды өнүктүрүү борборунда бөбөктөргө кинотасмалар жана мультфильмдер көрсөтүлүп, сөз өстүрүү сабагы өтүлүп, алар окуганды, пластилинден ар кыл буюмдарды, кагаздан оюнчуктарды жасаганды үйрөнүштү.

Бөбөктөргө билим берүүгө 30 райондун 80ге жакын айыл өкмөттөрү шарт түзүп берип, аларды бала бакчалардын тарбиячылары, мугалимдер, чет элдик жана жергиликтүү ыктыярчылар окутту.

Андан сырткары, жаратылыш, экология темасында ар кандай курстар өтүп, балдарга жан-жаныбарларга камкордук менен мамиле жасоо туурасында айтып беришти. Ошондой эле ата-энелерге балдарды туура тарбиялоого чакырылган адистер багыт берип, бир катар мастер-класстар өткөрүлдү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0