Өлкөнүн белгилүү инсандарынын кеңештери: ата мекендик авторлордун беш китеби

Жазылуу
Кыргызстандын белгилүү адамдары ата мекендик авторлордун кайсы китептерин тандай турганын жана сунушталган адабиятты окугандан кийин окурман өзү үчүн пайдалуу эмнелерди биле аларын Sputnik аныктады.

Кыргыз жазуучусу Чынгыз Торекулович Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун белгисиз жактарын окурмандарга айтып бере турган китеп чыкты
Дем алыш күндөрү бош убактыңызды пайдалуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар. Дүйнөлүк адабият ар түрдүү багыттагы, түрдүү авторлордун түрдүү жанрдагы китептерге ушунча бай болгондуктан, өмүрүңдүн аягына чейин да аларды окуп бүтпөйсүң. Ошого карабай, жакшы китепти сүйүүчүлөр дагы эмне окусам деген суроого көп такалышат. 

Өлкөнүн белгилүү адамдары бул суроого өз жоопторун берип, көп сандаган адабияттын ичинен Кыргызстанда жашаган адам сөзсүз окушу керек деген китептерди аташты. Алардын көпчүлүгү Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына токтолгону таң каларлык эмес. 

Болот Ибрагимов, жарандык активист: 

"Ансыз деле белгилүү болсо да, Чыңгыз Айтматовдун "Ак кемесин" окууну сунуштайм. Ал эми мурдатан окуган босоңуз, кайра окуп чыгыңыз демекмин. Мен бул чыгарма менен мектеп жылдары эле таанышып, бирок кийин кайра дагы кайрылгам. Китепте сүрөттөлгөндүн баары менин башымдан өткөндөй, ар бир сабы эсимде. Баары делебеңди козгоп, сага сабак болот – башкы каарманды түйшөлткөн ой-сезимдери, кыял-тилеги, башка каармандардын бейнеси… өз атасы түшүп алып сүзүп жүрөт деген ак кемеге баланын дүрбүдөн үмүттүү караганы… Кичинекей каармандын акталбай калган үмүтү жана башка каармандардын жасагандары көп нерселер жөнүндө ойлонууга, анан ошол "көп нерсени" кадырлап баалоого мажбур кылат.

Сумсарбек Мамыралиев, "Шайлоо-жайлоо" фильминин продюсери:

Кыргыз китеп дүйнөсү улуттук баалуу байлыктар менен толукталды
"Гүлзада Рыскулованын концерттеринин биринде менин жолум болуп, мыкты жазуучу Казат Акматов менен таанышып калдым. Ошондон кийин анын чыгармаларын башкача кабыл ала баштадым. Өзүм мурдатан окуган Акматовдун "Ак жол, көк асман" аңгемелер жыйнагына эми көз карашым өзгөрүп, алдымда таптакыр жаңы китеп жаткандай болду. Анын "Жашоонун эки сабы" деп аталган акыркы повестине көңүл буруңуз. Чыгарманын сюжетин өз жашоом менен көп салыштырып, каармандардын бейнесин өзүмө теңеп көрөм. Акматовдун чыгармалары азыркы коомдун социалдык курч карама-каршылыктарынын бетин ачып жана, эң башкысы, кыргыздардын улут катары тарыхый өрчүүсү кандай болгонун түшүнүүгө жардам берет. Акматов улуттун басып өткөн жолуна кайрылып туруучу аз сандагы жазуучулардын катарына кирет жана ал чыгармаларында көп сандагы көркөм сөз каражаттары менен катар элдин оозеки чыгармачылыгын, кептик салттарын колдонот".

Бакыт Дегенбаев, "Покупай кыргызское" ("Кыргыздыкын сатып ал") тобунун түзүүчүсү: 

Акын, драматург Эрнис Турсунов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарика Жалгасынова: "Триумф жана трагедия" китебин чогуу жазууну Эрнис Турсунов сунуштаган
"Чыңгыз Төрөкулович жөнүндө, анын бүтүндөй "Айтматовдун планетасы" жөнүндө айтпай коё албайм. Ар бир китебинен өзүңдү тапсаң болот. Мага анын үч чыгармасы – "Кылым карытар бир күн" аттуу алгачкы романы, "Кыямат" романы жана "Саманчынын жолу" абдан жагат. Айтматовдун чыгармачылыгын өзүн сыйлаган ар бир адам билиш керек деп ойлойм. Ал эми кыргызстандыктар үчүн болсо деги эле "Айтматовду окуш керекпи же жокпу?" деген суроо туулбашы керек.

Бирок мага чындап жардам берген бир китеп бар — бул дары чөптөр боюнча жазылган Анаркан Надированын атайын китеби. Кыргызстан пайдалуу дары чөптөргө бай. Бирок биз алардын көбүн колдонмок түгүл, айрымдарынын дарылык касиеттерин эч билбейбиз. Пайдалуу китеп. Баса, мен "Кыргыздыкын сатып ал" үчүн сабаттуу материалдарды даярдаганга ал китепте жазылгандын баарын атайын окуп өздөштүрдүм.

Влад Ушаков, КР Фотожурналисттер биримдигинин төрагасы: 

"Жергиликтүү мекен таануучу Владимир Петровдун китептерин баарына сунуштайм. Аларда эң башкы нерсе – өлкөнүн эч саясатсыз жана коньюктуралык кызыкчылыктарсыз жазылган тарыхы бар. Автор узак убакыт бою архивдерди иликтеп, кылдат иштегени байкалып турат.

Кыргызстандыктар үчүн оштук тарыхчы Антонина Захарованын "Сулайман-Тоо" китеби өтө пайдалуу болот. Ал уламыш, жомок, болумуш, тарыхый изилдөөлөргө бай. Бүгүнкү күндө өлкөнүн түштүгүнүн тарыхы боюнча мындан толук жана кенен жазылган башка китеп таппайсыз".

Турат Касымбеков, дарыгер жана алып баруучу:

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалы Чыңгыз Айтматовго арналат
"Баарына Чыңгыз Айтматовдун "Кыяматын" окууну кеңеш кылам. Деги эле китеп окууга көндүрүүнү Чынгыз Төрөкуловичтин чыгармаларынан башташ керек. Мына, менин кызым романды окуп чыккан үчүн белек алды. Китеп окууга мындай жол менен көндүргөн өкүнүчтүү. Мунун себеби көпчүлүк Айтматовдун философиясы канчалык тереңдигин толук түшүнбөйт. Мен автордун алгачкы "Кылым карытар бир күн" романын биринчи окуп чыкканда, дүйнөгө көз карашым өзгөргөн. Ишенбесеңер да болот, бирок менин ички дүйнөм байый түштү деп айта алам. Айтматовду үстүртөн эмес, ойлонуп, автордун терең ойлорун түшүнүү менен окусаң, өзүң да өзгөрөсүң деп эсептейм. Мени инсан катары калыптандырган айрым бир сапаттарым үчүн Чыңгыз Төрөкуловичке ыраазымын".

Жаңылыктар түрмөгү
0