Шайлоого көз сала турган байкоочулардын алгачкы тобу келди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOШайлоо участкасында. Архив
Шайлоо участкасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШ байкоочуларынын миссиясы шайлоонун жүрүшүн камсыздоочу бардык мамлекеттик органдар менен кызматташа турганын белгиледи. Шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга жана шайлоо участкаларынын протоколдоруна кол коюуга өзгөчө басым жасалат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. КМШ байкоочуларынын миссиясы мамлекеттин ички маселелерине кийлигишпей, өз алдынча иш жүргүзөт. Бул тууралуу 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо сала турган КМШ байкоочуларынын миссиясынын жана анын штабынын ачылышында айтылды.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо иши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык маалымат тапшыргандардын саны 2,7 миллиондон ашты
Миссия бүгүнтөн баштап шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча ишке киришти. 

Маалыматка ылайык, штабдын курамында 23 узак мөөнөттүү байкоочу иш алып барат. Алар шайлоого чейин 2-3 күн мурда келе турган кыска 130 кыска мөөнөттүү байкоочулардын келишине кам көрөт.

Штабдын негизги ишмердүүлүгү Кыргызстандын мыйзамдары менен таанышуу, үгүт өнөктүгүнө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине анализ жүргүзүүгө багытталган. 

"Биз бейтараптык, объективдүүлүк жана мамлекеттин ички маселелерине кийлигишпөөчүлүк негизинде иш алып барабыз. Жыйынтыкты да өзүбүздүн байкоолорга таянып чыгарабыз", — дейт Миссия өкүлдөрү.

КМШ байкоочуларынын миссиясы шайлоонун жүрүшүн камсыздоочу бардык мамлекеттик органдар менен кызматташа турганын белгиледи. Шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга жана шайлоо участкаларынын протоколдоруна кол коюуга өзгөчө басым жасалат.

Миссиянын жыйынтыктоочу доклады шайлоонун эртеси, 5-октябрь күнү даяр болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0