03:56 26 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.0754
  • EUR81.2361
  • RUB1.0494
Кыргызские мигранты в России. Архивное фото

Россияда жүрүү эрежесин бузган кыргызстандык жарандардын саны 120 миңге кыскарды

© Sputnik / Илья Питалев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
140 0 0

Россия тараптын маалыматы боюнча, үч жылга чейин Россия аймагына кирүүгө тыюу салынган 49 миң жарандын 16 миңине жол ачылды. Мында шартка ылайык, белгиленген үч жылдын жарымы өтүшү керек. Буга чейин мындай жарандарга үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына чейин Россиядан тоскоолдуксуз чыгып, кайра кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Учурда миграциялык мыйзам бузуп, Россиянын аймагында жүргөн кыргызстандык жарандардын саны 120 миңге кыскарганын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.

Бишкекте миграция маселелери талкууланган кыргыз-россиялык жумушчу тобунун 10-жыйыны болуп өттү. Анда миграция кызматынын башчысы Константин Ромадановский менен болгон макулдашууда Россияда жүрүү эрежелерин бузган кыргызстандык жарандар үчүн жеңилдетилген миграциялык режим тууралуу макулдашууну ишке ашыруунун жолдору ортого салынды.

Россиялык тараптын маалыматы боюнча, үч жылга чейин Россия аймагына кирүүгө тыюу салынган 49 миң жарандын 16 миңине жол ачылды. Мында шартка ылайык, белгиленген үч жылдын жарымы өтүшү керек. Буга чейин мындай жарандарга үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына чейин Россиядан тоскоолдуксуз чыгып, кайра кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

Мындан тышкары, миграциялык мыйзам бузуп, Россиянын аймагында жүргөн кыргызстандык жарандардын саны 180 миңден 120 миңге кыскарып, учурда мындай мигранттардын саны 54 миңдин тегерегинде экени белгилүү болду. 

Жолугушууда Федералдык миграция кызматы Кыргызстандык жарандардан россиялык жумуш берүүчүлөр менен аталган аймакта жүрүү мөөнөтүн узартуу боюнча ЕАЭБ шартын эске алуу менен түзүлгөн келишимдерди күтүп жатканы кошумчаланды.

Тема боюнча

Мигранттардын Россияда жүрүүсүн мыйзамдаштырууга аз эле убакыт калды
Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен эмгек мигранттар түрдүү сынактардан бошотулат
Белгилер:
кара тизме, жыйын, Мигрант, Кыргызстан, Россия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ