Казат Акматовдун үй-бүлөсүнө президент 100 миң сом бөлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековӨлкө башчысы Алмазбек Атамбаев. Архив
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов бүгүн эртең менен Бишкек шаарында өз үйүндө узак оорудан каза болду. Ал 16-сентябрда Аламүдүн районундагы Байтик айылына жерге берилет.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жазуучу Казат Акматовдун үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 100 миң сом материалдык жардам берүү боюнча буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазуучу Казат Акматов 16-сентябрда Байтик айылында жерге берилет
Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов бүгүн эртең менен Бишкек шаарында өз үйүндө узак оорудан каза болду. Ал 16-сентябрда Аламүдүн районундагы Байтик айылында жерге берилет. 

Акматов — жазуучу, драматург, коомдук ишмер, Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты болгон. Жазуучу быйыл декабрда 74 жашка чыкмак. Ал 1941-жылы Ысык-Көлдүн Бостери айылында туулган. Анын "Мунабия", "Мезгил", "Күндү айланган жылдар" аттуу чыгармалары эл арасына кеңири тараган. Бир нече чыгармалары англис тилине да которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0