20:10 21 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2800
  • EUR78.6381
  • RUB1.0704
Канаданын Жогорку сотунун имараты. Архив

Онтарио соту Centerra Gold Inc. компаниясынын 2,7 млн. акциясын камактан чыгарды

© Sputnik / Сергей Субботин
Коом
Кыскача шилтеме алуу
37 0 0

Буга чейин "Манас банкты" ээлеп келген латвиялык ишкер Валерий Белоконь 2010-жылы аталган банкты улутташтырганы үчүн Кыргызстанды 16,5 миллион доллар төлөтүү талабы менен Париждеги арбитрждык сотко кайрылган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өткөн шейшемби күнү Онтарионун (Канада) Жогорку соту "Кыргызалтын" ишканасынын сунушун кароо менен камактагы 6,5 миллион акциянын 2 миллион 712 миң 361ин жана жалпы суммасы 13,3 миллион канадалык долларды түзгөн дивиденддерди камактан чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин ушул жылдын август айында Онтарионун (Канада) Жогорку сотунда "Кыргызалтын" ишканасынын сунушу каралган. Маалыматка ылайык, сунуш аталган соттун Валерий Белокондун көрсөтмөсү менен "Кыргызалтын" ишканасынын Centerra Gold Inc. компаниясындагы 6 миллион 500 миң 240 акциясын жана дивиденддерин бир тараптуу камакка алуу чечимин өзгөртүү үчүн берилген. Акциялардын жалпы баасы 20,5 миллион канадалык долларды түзгөн. 

Валерий Белоконь кыргыз өкмөтү соттун 2014-жылдын 14-октябрындагы чечимин аткарбай койгондон кийин канадалык сотко кайрылган. Кыргызстанга тиешелүү активдерди сот Париждеги Эл аралык арбитраждык соттун чечиминен кийин камакка алган. Аталган сот кыргыз өкмөтүн Латвиянын жаранына 16,5 миллион АКШ долларын төлөп берүүгө милдеттендирген. Соттун чечими өз убагында аткарылбагандыктан, төлөнө турган акча тууму менен миллиондорго жеткен.

Өкмөт Centerra Gold Inc. менен сүйлөшүүчү топту жаңыртты
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Июнь айында ошол эле сот түрк компаниясынын доо арызынын негизинде "Кыргызалтынга" тиешелүү 47 миллион акцияны камактан чыгарган. Бул Stans Energy Corp. компаниясынын пайдасына чечим кабыл алган Москва арбитраждык соттун чечимин камсыздоо максатында жасалган. Аталган компания Кыргызстандан Куттуу-Сай II кенин иштетүүгө уруксат берген лицензияны жокко чыгарганы үчүн 118 миллион доллар талап кылган. Камак акциялардын сатылышына, берилишине тыюу салып, алар боюнча которулган дивиденддерди тоңдуруп салган.

"Кыргызалтын" ишканасынын кызыкчылыгын сотто Baker & McKenzie LLP юридикалык компаниясы коргоодо.

Кыргызстан Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинде алтын казып жаткан Centerra Gold Inc. компаниясында жалпы акциянын 33 пайызына ээлик кылат.

Тема боюнча

КРдин Centerra ишканасындагы камакка алынган акцияларынын тагдырын Канада соту чечет
Белгилер:
сот, кен, алтын, дивиденд, акция, Кумтөр, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ