Чек арачылар Өзбекстанга өтүп кеткен жылкыларды ээлерине кайтарып берди

Жазылуу
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда өзбек тарап өз аймагына өтүп кеткен жылкыларды кыргыз чек арачыларына кайрып беришкен.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өзбекстанга өтүп кеткен 15 жылкы мал ээлерине кайтарып берилгенин Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Жайлоодогу чабан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында кой жайып кетип кайтпай калган карыя изделип жатат
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кош-Дөбө айылынын тургундары 15 баш жылкы Өзбекстанга кирип кеткенин айтып, чек арачылардан жардам сурашкан. 

Аталган маселе боюнча райондун Бел-Сөгөт аймагында кыргыз-өзбек чек арачыларынын жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда өзбек тарап өз аймагына өтүп кеткен жылкыларды кыргыз чек арачыларына  өткөрүп беришкен.

Учурда жылкылар өз ээлерине кайтарып берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0