03:34 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.8850
  • RUB1.0759
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов дүйнө салды (9)
30902

Эл жазуучусу ооруп жүргөндүгүн калемдештери айтты. Быйыл декабрь айында Акматов 74 жашка чыкмак.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов бүгүн эртең менен дүйнө салды. Бул туурасында Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Эл жазуучусу ооруп жүргөндүгүн калемдештери айтты.  Быйыл декабрь айында ал 74 жашка чыкмак. Акматов — жазуучу, драматург, коомдук ишмер, Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты болгон. 

Акматов 1941-жылы Ысык-Көлдүн Бостери айылында туулган. Анын "Мунабия", "Мезгил", "Күндү айланган жылдар" чыгармалары эл арасына кеңири тараган.

Жазуучунун бир нече чыгармалары англис тилине которулуп, чет элдик окурмандарга тартууланган.

Тема:
Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов дүйнө салды (9)

Тема боюнча

Атамбаев: Усубалиев Кыргызстанды өнүктүргөнү үчүн кызматтан алынган
Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаев каза болду
Белгилер:
жазуучу, Акбар Рыскулов, Казат Акматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ