Бүгүн Бишкекте шамал болуп, жаан жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДождь в Бишкеке. Архивное фото
Дождь в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-15-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу аймактардагы автожолдор тонголок тартып, тайгак болот.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Тоодогу кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакынкы күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарга кар түшөт
Абанын температурасы күндүз +16…+18 градус, түнкүсүн +6…+8 градус жылуу болот. Ал эми Ош шаарында да жаан жаайт, күндүз күн 26 градуска чейин ысыйт

Ошондой эле Кыргызгидромет аба ырайы өлкө аймагы боюнча кесин өзгөрүлө турганын эскертет. 14-15-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу аймактардагы автожолдор тонголок тартып, тайгак болот. Бүгүн батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. 

Абанын температурасы өлкөнүн бардык аймактарында төмөндөйт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат, дейт аталган кызмат.

Жаңылыктар түрмөгү
0