Шаардыктар Октябрь акимиатына таштандылар чыгарылганына ыраазычылык билдирүүдө

© пресс-служба мэрии города БишкекТаштандыны чогултуу. Архив
Таштандыны чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акимдин орун басарларынын WhatsApp номерлерине таштанды чыгарууга байланышкан ыраазычылык билдирүүлөр келе баштады дейт мэрия.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Октябрь районунда таштанды чыгаруу боюнча абал жөнгө салына баштаганын Бишкек мэриясы билдирди.

Буга чейин шаардык муниципалитет Бишкектеги жыйналбаган таштанды тууралуу маалымат кабыл алчу номерлерди жарыялаган.

Уюлдук телефондогу WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таштандыны WhatsApp аркылуу тазалоо алгачкы жемишин берүүдө
Билдирүүгө ылайык, өткөн апта аралыгында райондук администрацияда вице-мэр Замир Малабеков, аким Болот Алымкулов жана анын орун басары Таалайбек Акматбековдун катышуусу менен бир күндө эки жолудан жыйын өтүп келген. Анда "Тазалык" ишканасынын таштанды чыгаруу боюнча иш-аракети талкууга алынган.

Мэрия таштанды челектердин жайгашкан жерлери көзөмөлгө алынып, акыр-чикир чыгарган унаалар үчүн жаңы маршруттук баракчалар киргизилгенин белгилейт. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Октябрь районунда таштанды чыгаруу боюнча абал жөнгө салынган. 

Муниципалитет билдиргендей, эгер буга чейин Аким орун басарларынын WhatsApp номерлерине арыз-дооматтар айтылган 70тей билдирүү келсе, 9-сентябрга алардын саны 11ге кыскарып, үчөөндө таштанды чыгаруу аракетине ыраазычылык айтылган. Ал эми 10-сентябрга карата тогуз билдирүү келип, эки шаар тургуну ыраазычылык билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0