Ийрим жетекчисинин айлыгы директордукуна караганда жогору болот

© Sputnik / Юрий Сомов / Медиабанкка өтүүОрто мектепте англис тил сабагы учурунда. Архив
Орто мектепте англис тил сабагы учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мугалимдин айлык акысы тогуз миңге, ал эми мектептен тышкаркы билим берүү мекемесинин маянасы 7800 сомго жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Өкмөттүн токтомуна ылайык, ийримге сабак берген жогорку билимдүү мугалимдерге эми тогуз миң сомдон айлык акы төлөнөт. Ал эми мектептен тышкаркы билим берүү мекемесинин маянасы 7800 сомду түзүшү мүмкүн.

Мугалим окуучулары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: быйылкы окуу жылынан тарта мугалимдердин айлыгы 50%га жогорулайт
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, мугалимдин айлык акысы билимине жараша 7,5 миң сомдон 9 миң сомго жетет. Директордун маянасы аталган мекемеден билим алган балдардын санына байланыштуу болуп, 6 миңден 7,8 миң сомго чейин болушу күтүлөт. 

Аталган категориядагы окутуучулардын айлык акысына төрт жылдан бери эч кандай өзгөрүү кирген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0