Сариев: жолдор кыш түшкөнгө чейин курулуп бүтүшү керек

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүЖаңы асфальт куруу. Архив
Жаңы асфальт куруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздɵгү жылы жолдорду оңдоо жана куруу иштерин жүргүзүүгɵ республикалык бюджеттен 3 миллиард 780 миллион сом бɵлүнгɵн. Бул каражатка 400 чакырым жол курулат. Анын ичинен 850 миллион сомуоблустук борборлордун жана кичи шаарлардын жолдорун жакшыртууга багытталган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жолдорду оңдоо сапат талаптарына толук жооп бериши зарыл экенин премьер-министр Темир Сариев жолдордун абалы боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

Өкмɵт башчысы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине инспекциялык топторду түзүп, курулуш иштери жүрүп жаткан жерлерге чыгып кɵзɵмɵлдɵɵ ишин жүргүзүүнү тапшырды.

"Жол оңдоо жана куруу иштери кыш түшкɵнгɵ чейин жыйынтыкталып, басым жолдордун сапатына жасалышы кажет. Биз жол инфраструктурасын жакшыртууга бардык аракетти жумшап, жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүбүз керек. Жолдордун жакшырышы ишкердикти жана соода жүгүртүүнү ɵнүктүрүүгɵ түрткү берип, ɵлкɵнүн ар тарабында инфраструктуранын комплекстүү ɵнүгүүсүн шарттайт", — деп белгиледи Сариев.

Сариев Ноокаттагы жолдордун курулушун сынга алды
Маалыматка ылайык, үстүбүздɵгү жылы жолдорду оңдоо жана куруу иштерин жүргүзүүгɵ республикалык бюджеттен 3 миллиард 780 миллион сом бɵлүнгɵн. Бул каражатка 400 чакырым жол курулат. Анын ичинен 850 миллион сому облустук борборлордун жана кичи шаарлардын жолдорун жакшыртууга багытталган. 

Мындан тышкары, чектеш аймактарда жергиликтүү тургундар анклавдарды кеспей, ыңгайлуу жолдор менен өтүүсү үчүн айланма трассалардын курулушу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0