Муфтият: Аль-Харам мечитиндеги кырсыкка кыргызстандыктар кабылган жок

© AFP / STRМеккедеги эң ири Аль-Харам мечитинде болгон кырсык.
Меккедеги эң ири Аль-Харам мечитинде болгон кырсык. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зыяратчылар ар кайсы мейманканаларга жайгаштырылгандыктан, алардын эсебин алуу кыйын болууда. Түнү менен иликтөө иштери жүрдү.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Меккедеги эң ири Аль-Харам мечитинде болгон кырсыкка алдын ала маалымат боюнча, кыргызстандыктар кабылган эмес экендигин муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын айтканына таянуу менен билдирди.

Дүйнөдөгү ири мечиттердин бири Аль-Харамда 11-сентябрь күнү кран кулап, 107 адам каза болуп, 238и жаракат алган. Кран зыяратчылар намаз окуп бүтүп, короодон өтүп жаткан учурда алардын үстүнө кулаган. Кырсыктын себебин начар аба ырайына байланыштырышууда.

"Зыяратчылар ар кайсы мейманканаларга жайгаштырылгандыктан, алардын эсебин алуу кыйынчылык туудурууда. Түнү менен иликтөө иштери жүрдү. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандардын арасында кыргызстандык жарандар жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Быйыл Кыргызстандан кечээги аба каттамын кошкондо Сауд Аравиясына Кыргызстандан 3685 зыяратчы учуп кетти. Алар 15-октябрга чейин кайра кайтып келишмекчи.

Аль-Харам мечити — Тыюу салынган мечит. Анда исламда ыйык деп саналган Кааба ташы жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0