Архитекторлор жана салыкчылар түрк кесиптештери менен тажрыйба алмашты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүСтамбул шаарынан көрүнүш. Архив
Стамбул шаарынан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбул шаарында Мамлекеттик өз алдынча башкаруу жана улуттар аралык мамилелер боюнча агенттиктин директору Бакыт Рыспаев түрк дүйнөсүнүн муниципалитет биримдигинин директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери түрк кесиптештери менен тажрыйба алмашканын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Президен КР Алмазбек Атамбаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Түрк тилдүү өлкөлөргө орток телеканал аймакты өнүктүрүүгө шарт түзөт
Маалыматка ылайык, 9-сентябрда Стамбул шаарында түрк дүйнөсүнүн муниципалитет биримдигинин директорлор кеңешинин жыйыны болуп, ага Мамлекеттик өз алдынча башкаруу жана улуттар аралык мамилелер боюнча агенттиктин директору Бакыт Рыспаев катышты.

Жыйын жүрүшүндө жыл башынан берки иш-аракеттерге баа берилди. Бүгүнкү күнгө чейин бул багытта муниципалдык кызмат, архитектура жана салык тармагында иштеген 40 кызматкер квалификациясын жогорулатуу боюнча курстан өтүп, тажрыйба алмашкан.

Мындан тышкары, иш-чарада Бакыт Рыспаев түрк дүйнөсүнүн муниципалитет биримдигинин директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0