Бишкектин стадионуна "коенектерге" каршы тосмолор орнотулууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан - Австралия оюнундагы күйөрмандар. Архив
Кыргызстан - Австралия оюнундагы күйөрмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долон Өмүразаков атындагы стадиондо күз айларында алты матч өтөт. Буга байланыштуу стадиондо оңдоо иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкектин борбордук стадионуна билети жок күйөрмандар үчүн темир тосмолор орнотулуп жатканын Футбол федерациясы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев принял участие в церемонии принесения присяги новыми членами Правительства Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Ниязалиева: Кыргызстан – Австралия беттешүүсүндөгү каталар кайталанбашы керек
Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатынын тандоо туру өтөт. Мындан тышкары, 8-октябрда 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстан Тажикстандын футболчулары, 13-октябрда Бангладеш жана 18-ноябрда Иордания командалары менен беттешет.

Федерациянын маалыматына ылайык, стадион акыркы жолу 1963-жылы ремонттон өткөн. Андан кийин жеңил-желпи оңдоо иштери жүрүп келген. 

"Стадиондун инфраструктурасы кыйла эскирип кеткен. Бул Кыргызстан менен Австралиянын беттешинде таасын байкалды", — дейт федерация.

FIFA талабы менен тийиштүү мамлекеттик органдар телекамералар үчүн стадиондун батыш трибунасына каркастык балкондор орнотулду. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Австралия оюнундагыдай күйөрмандын талаага чуркап чыгышынын алдын алуу үчүн көрөрмандар отурган жерди бойлой темир тосмолор орнотулууда. 

"Билети жок келген "коенектер" үчүн бул аракеттер жолтоо болот деп үмүттөнүп атабыз. Сентябрдын аягына чейин трибунадагы отургучтардын теңи жаңыртылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, федерация оюн талаасынын айрым жерлери топурак төгүлүп, чөп өстүрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0