Жети жыл Казакстанда кулчулукта жүргөн кыргыз аял Алматыдагы консулдукка жеткирилди

© flickr.com / Javier AlvarezКулпу. Архив
Кулпу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагына караштуу Ынтымак айылынын тургуну Кошонованы 2008-жылдын 25-июнунда 17 киши менен кошо белгисиз адамдар алдап Казакстанга алып барып, сатып жиберишкен. Ал учурда келиндин колунда бир жашар баласы болгон.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Казакстанга кулчулукка сатылып кеткен Бактыгүл Кошонова Кыргызстандын Алматы шаарындагы консулдугунда отурганы телефон аркылуу белгилүү болду деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Улгайган аялдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда сегиз жыл баласы менен кулчулукта жүргөн аял куткарылды
Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл округуна караштуу Ынтымак айылынын тургуну Кошонованы 2008-жылдын 25-июнунда 17 киши менен кошо белгисиз адамдар алдап Казакстанга алып барып, сатып жиберишкен. Ал учурда келиндин колунда бир жашар баласы болгон.

Жети жылдан бери эч ким барбаган талаада кой кайтарып жүргөн кыргызстандык аял качып чыгып, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен байланышып өз абалын билдирген. Нөөмөтчү Бекзат Казаков дароо Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Санжарбек Абдуллаев менен байланышып, Кошонова тууралуу маалыматты тактаган. Мындан тышкары, келин тууралуу КРнын Алма-Ата шаарындагы Консулдугуна жана КР ИИМге маалымат берилген.

"Кошонова качып чыккандан кийин куруучулар иштеп жаткан жерде аларга тамак-ашын жасап берип, жашырынып жүргөнүн айткан. Алардан 30 миң теңге эмгек акы алып, кечээтен бери консулдук айткан документтерин даярдап, сүрөткө түшүп түнү консулдукта түнөп калгандыгын, Кыргызстанга жетүүгө абдан далалаттанып жатканын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул иш Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун жеке көзөмөлүнө алынып, министрликтин тиешелүү башкармалыктарына башка министрликтер менен биргелешип тактап, маселени акырына чыгаруу тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0