Мигранттардын Россияда жүрүүсүн мыйзамдаштырууга аз эле убакыт калды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАэропорт кызматкери документ тершерүүдө. Архив
Аэропорт кызматкери документ тершерүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликтин маалыматы боюнча, Россияда жүрүшүн мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүнөн эки айдын ичинде болгону 8 миң 644 кыргызстандык пайдаланган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мигранттар Россия аймагында жүрүшүн 1-ноябрга чейин мыйзамдаштырып алса болорун КРнын элчилиги билдирди.

Sputnik Кыргызстан кара тизмеден чыгуу жолдору көрсөтүлгөн маалымат баракча чыгарды
Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда элчи Болот Жунусалиев менен Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромадановский келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушун эске алуу менен Россияга үч жылга чейин кирүүгө тыюу салынган кыргызстандык жарандарга жол ачуу чечими кабыл алынган. Мында тыюу салынган мөөнөттүн жарым мезгили өтүшү шарт болгон. 

Буга чейин аталган келишимдин негизинде кара тизмеден 11 миң 685 адам чыгарылган. Дагы 40 миңге чукул мигрант жакын арада Россияга кирүүгө уруксат алары белгиленген.

Мындан тышкары, июнь айында Россиянын миграциялык мыйзамын бузган кыргызстандык жарандарга РФ аймагына 2015-жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин тоскоолдуксуз кирип-чыгуу укугу берилген. 

Элчиликтин маалыматы боюнча, Россияда жүрүшүн мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүнөн эки айдын ичинде болгону 8 миң 644 кыргызстандык пайдаланган. Мекеме 1-ноябрга чейин Россиядан чыгып, кайра кирүү менен аталган өлкөдө жүрүшүн мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0