Кыргызстандын аскерлери Россиядагы машыгууларда "террорчуларды жок кылып жатат"

© пресс-служба Генштаб ВС КРКыргызстандын аскерлери Россиядагы "Аскер шериктештиги — 2015" машыгуу учурунда.
Кыргызстандын аскерлери Россиядагы Аскер шериктештиги — 2015 машыгуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Астраханда өтүп жаткан окууларда Россия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Тажикстан өлкөлөрүнүн төрт миңге жакын аскер кызматкерлери катышууда.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. КРдин Куралдуу күчтөрүнүн аскер контингенти Россиядагы тактикалык окууларга катышып жаткандыгы жөнүндө аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы авиациялык машыгуулар Астрахань облусундагы Ашулук полигонунда 1 – 11-сентябрда өтүп жатат. 

Кыргыз аскерлери машыгуу үчүн Россияга кетишти - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз аскерлери машыгуу үчүн Россияга кетишти
7 – 10-сентябрда биргелешкен окуулардын негизги бөлүгү өттү. Башкы штабдан КМШ өлкөлөрүнүн абадан соккуга каршылык көрсөтүү боюнча күчтөрүнүн терроризмге каршы аракеттери жана куралдуу чыр-чатактар учурунда биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча тактикалык аскердик көнүгүүлөр өтөрүн билдиришти. 

Окууга РФтин бир миңден ашык аскер кызматкерлери жана 200дөн ашык аскердик жана атайын техника, ошондой эле Аба-космостук күчтөрүнүн аскердик түрдүү учактары катышып жатат.

Билдирүүгө ылайык, окууга алыска бомба таштоочу Ту-22 М3 экипаждары, Су-34 авиациялык комплекстери ж.б. катышууда. 

Учкучтар шарттуу душмандын абадан соккуга каршы коргонуу системасын жарып өтүү, жакынкы аралыктагы аба карамашы, башкарылбай турган ракеталарды чыгаруу жана жердеги бутага абадан ок атуу боюнча машыгып жатышат. Ошондой эле план боюнча, бомба таштоо, душмандын абадан ракета менен жаадыра урган соккусун кайтаруу боюнча машыгуулар да жүрөт. 

8-сентябрда Кыргызстандын аскерлери окуп-машыгуу иретинде алгачкы ракеталарды чыгарып, бардык буталарды алышкан. Негизги ракета чыгаруулар бейшембиде жүрүп жатат

КМШ өлкөлөрүнүн абадан соккуга каршы системасынын биргелешкен окуулары 25-сентябрга чейин уланат. Бардыгы болуп "Аскер шериктештиги — 2015" окууларында Россия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Тажикстан өлкөлөрүнүн төрт миңге жакын аскерлери катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0