Окумуштуулар Альцгеймер оорусу жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтышты

Жазылуу
Дене боюн өстүрүүчү дарыны саюудан "уйдун кутурмасын" жугузуп алган сегиз адамдын өлүмү окумуштууларды Альцгеймердин оорусу бир адамдан экинчиге жугушу мүмкүн деген ойго түрттү.

БИШКЕК, 10-сен. – Sputnik. Сегиз адамдын "уйдун кутурма оорусунан" каза болушуна байланышкан жагдайды талдоо учурунда нейрофизиологдор Альцгеймердин оорусу кишиден кишиге жугушу мүмкүн деген тыянакка келген. Бул туурасында Nature журналында жарыяланган макалада айтылат.

Альцгеймердин оорусу нейрондордун ичинде дарттуу зат аталган бета-амилоид белогу топтолушунан пайда болот деп эсепелет. Бул белоктун бүртүкчөлөрү нерв клеталарынын өлүмүнө алып келет экен. 

Архив: лаборатория - Sputnik Кыргызстан
Ыраакы Чыгыштын окумуштуулары Альцгеймер оорусуна каршы каражат ойлоп табышты
Лондон университетинен Себастьян Брэнднер (Sebastian Brandner) жетектеген нейрофизиологдор Альцгеймер оорусунун мүмкүн болгон жайылуу жолун кокусунан эле ачышты. Алар башында 2000-жылы британиялык сегиз адамдын өлүмүнүн себептерин изилдешкен.

Альцгеймердин оорусуна көбүнчө улгайган адамдар чалдыгат. Ал нерв клеткаларында приондор – үч ченемдүү бузук түзүлүшкө ээ белоктор пайда болгондо кокусунан эле келип чыгат. Приондор оң абалдагы белокторго кошулуп, аларды жарактан чыгарып, өзүнчө бир "таштандыны" топтоп, нейрондорду өлүмгө дуушар кылат. Ал эми "уйдун кутурма оорусу" же Крейтцфельдт-Якобдун оорусу да организмде приондордун пайда болушунан (ага чалдыккан малдын мээсин жегенде же ал кошулуп кеткен дарыны сайдырганда) келип чыгат.

Макаланын авторлору ушундай бир окуяны изилдешкен. Брэнднер жана анын кесиптештери айткандай, Британияда 1958-жылдан бери өлгөн адамдардын гипофизинен алынган гормон кошулган дарыны бою өспөгөн балдарга куюу боюнча атайын медициналык программа иштеген. 1985-жылы мындай дарылоо "уйдун кутурма оорусуна" алып келери аныкталгандан кийин программа токтотулган.

Окумуштуулар: Бразилиядагы аарынын уусу ракты айыктырууга жардам берет
Ошол гормонду алгандан кийин өлүп калган сегиз баланын мээсин изилдеп жатып алтоосунда күтүүсүз нерсени табышкан. Алардын мээсинде прион гана эмес, бета-амилоиддин бүртүктөрү бар экени аныкталган. Дарттуу белок бойду өстүрөт деп куюлган гипофиздин өзүндө эң көп болуп чыккан. 

Мындайды аныктаган окумуштуулар жакында эле чычкан менен маймылдарга жасалган экспериментти эстешти. Анда биологдор жандыктарга аз сандагы бета-амилоидди куюп көрүшкөн. Бул дарттуу белок дененин мээден алыс жеринде да, мисалы курсакта да, Альцгеймер оорусун жаратары дал ошондо аныкталган болчу. 

Азырынча макаланын авторлору жаныбарларга тажрыйба жүргүзө элек, себеби аны табуу өтө кыйын. Анын эски запастары эбак жок кылынган, анын үстүнө, маселенин этикалык жагы да бар. Ошого карабай, нейрофизиологдор Альцгеймер оорусу кишиден кишиге жуга турганына толук ишенет.

Балдар онкология жана гемотолгия изилдөө институту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Партиялар короткон акча бөйрөктүн өнөкөт оорусуна чалдыккан 173 кишини дарылоого жетмек
Мындай ачылыштын өтө маанилүү экендигин жана анын кесепеттери канчалык чоң болорун эске алып, дароо эле окумуштуулардын бир нече тобу бала кезинде бойду өстүрүүчү гормон алып, кийин "уйдун кутурма оорусунан" каза болгон башка кишилердин сөөгүн кайра изилдөөгө алууну сунуштаган. Эгер изилдөө натыйжалары ырастала турган болсо, бета-амилоид оорулуулардан соо адамдарга берилбеши үчүн дарылардын сапатын жана курал-жабдыктарды стерилизациялоону көзөмөлдөө боюнча медиктер жаңы системаны ойлоп табышы керек болот. 

Альцгеймер оорусу эс тутумунун бузулушуна байланышкан, адатта 65 жаштан жогорку курактагы адамдар чалдыгуучу дарт. Дүйнөдө бул дартка кабылгандардын саны 2006-жылы 26,6 млн. адамга жеткен, ал эми 2050-жылы, окумуштуулардын болжолунда, ал төрт эсе көп болушу мүмкүн. Баштапкы мезгилде бул ооруга чалдыккан адам кыска мөөнөттүк эс тутумун жоготот, мисалы, жакында болгон нерсени эстей албай калат. Оору күч алган сайын бейтап узак мөөнөттүк эс тутумунан ажырап, мурда болгон нерселерди, жакындарынын аттарын унута баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0