Шайлоочунун тизмесинен өзүн текшерүүдө бишкектиктер ыкшоо болууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтында Бишкек шаарынын тургундары. Архив
Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоодо добуш берүүдө биринчи жолу биометрикалык маалыматтар колдонулат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Шайлоо тизмесинен атын тактоо боюнча 6-сентябрда башталган "Өзүңдү тизмеден тап" акциясынын алкыганда үч күн ичинде 300 миңден ашык шайлоочу өлкө аймагындагы 2325 шайлоо участкаларынан өз аты-жөнүн тактады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоочулардын саны 2 млн. 605 миң адамга жетти
4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоодо добуш берүүдө биринчи жолу биометрикалык маалыматтар колдонулат. Шайлоочулардын саны 2 миллион 605 миң адамга жеткенин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев буга чейин билдирген болчу. Аты-жөнүн текшергендердин алдында Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тургундары менен Ош шаарынын тургундары келүүдө. Ал эми Бишкек шаарынын тургундары буга эч шашылган жок. Мисалы, Ош шаарында күнүнө 15 миң киши өзүн тизмеден текшерип жатса, бул көрсөткүч Бишкек шаарында үч миңден бир аз гана ашат.

"Өзүңдү тизмеден тап" акциясы 16-сентябрга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0