Кыргызстанда каттоодон өтө элек 626 мечит бар

Жазылуу
Өлкөдө мыйзамсыз иштеген же курулушу талапка жооп бербеген мечиттерди мыйзамдаштырып, такыр жарабай калгандарын түрттүрүп, ордуна жаңысын тургузуу боюнча маселе каралып жатат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүнкү күндө каттоодон өтө элек 626 мечит бар, учурда аларды мыйзамдаштыруу иштери жүрүп жатат деп билдиришти Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан.

Муфтияттын маалыматында, Кыргызстан аймагы боюнча иштеп жаткан 2640 мечиттин 2014ү каттоодон өткөн.

"Каттоодон өтпөгөн мечиттердин бир катары мыйзамсыз жерлерге салынган болсо, кээ бирлеринин сейсмикалык туруктуулугу жана тышкы көрүнүштөрү начар. Тиешелүү ведомстволор менен кеңешип, таптакыр эле туура эмес курулган, талапка жооп бербеген мечиттерди түрттүрүп, ордуна жаңысын салуу жактары да каралууда", — деди муфтияттын мечиттер жана курулуш бөлүмүнүн адиси Таалайбек ажы Назылбеков. 

Бишкектеги борбордук мечиттин ордуна жаңысы курулат
Муфтияттын маалыматында, өлкө аймагы боюнча мыйзамдуу иштеген мечиттердин саны Ош облусунда эң көп, башкача айтканда 663, андан кийинки орунда 526 мечити менен Жалал-Абад турат. Ал эми эң аз мечиттин саны (32) Бишкек шаарында экен. 

Калган аймактарды санай келгенде, Баткенде 281, Нарында 52, Таласта 105, Ысык-Көлдө 74, Чүй облусунда 223 мечит мамлекеттик каттоодон өтүптүр. 

Февралдын аягында республикада мечит жана медреселердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча аалымдардан турган атайын текшерүү комиссиясы ишин баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0