Жер тилкесин мыйзамсыз басып алгандарды мэрия аныктады

© Фото / Нургазы ЧыныбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жаран тийиштүү документтери жок эле, шаардык муниципалитетке тийиштүү жерге дубал куруп алышкан.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы жер тилкесин мыйзамсыз басып алуу боюнча эки фактыны аныктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Он жыл мурун мыйзамсыз куюлган фундаментти мэрия түрттүрүп салды - Sputnik Кыргызстан
Он жыл мурун мыйзамсыз куюлган фундаментти мэрия түрттүрүп салды
Жеке турак-жай курулуш департаментинин кызматкерлери өзүм билемдик менен курулуш жүргүзгөндөрдүн, тийиштүү документтери жок экенин тактап чыккан. 

Курчатов көчөсүндө жашаган эки тургун шаардык муниципалитетке таандык жерге дубал куруп алышкан.

Аларга дубалды курууну токтотуу боюнча эскертүү берилген. Ага ылайык, тогуз метрлик дубал кулатылып, жер тилкеси баштапкы калыбына келтирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0